Ич кондойундогу органдардын комплексынын УДИси (боор, өт, уйку без, көк боор, бөйрөктөр) чоң кишилерге - 14 жаштан жана андан улуулар
45 мүн · 3200 сом
Ички органдардын УДИси — боорду, өттү, уйку безди, көк боорду жана бөйрөктөрдү диагностикалоочу коопсуз ыкма. Ал 8-12 саат ачка жүргөндөн кийин жасалат. Процедура таштарды, шишиктерди, сезгенүүлөрдү жана органдардын түзүлүшүндөгү бузулууларды аныктоого жардам берет. Изилдөө оорутпайт, 20-45 мүнөткө созулат.
Быйыл 14 жашка толгон бейтаптарга (1 январдан 31 декабрга чейин) туулган күнүнө каралбастан, ич кондойундогу органдардын УДИне 3200 сом төлөнөт.
Даярдык
УДИге даярдык:
1. Изилдөөгө чейин 3 күн мурда кара жана ак нан, сүт, буурчак, төө бурчак, капуста, жашылча жана мөмө жемиштерден, таттулардан, майлуу тамак-аштардан баш тартуу керек (себеби бул азыктар сиңирүүнү жайлатып, газдарды пайда кылат). Бир нече күн мурун жеңил тамак-аштарды мисалы ачытылган сүт азыктарын, каша, шорпо сыяктуу тамак-аштарды ичип, ошондой эле, изилдөөнүн алдында кечинде тамак ичпеш керек.
2. Изилдөөгө чейин 2-3 күн мурда энтеросорбенттер (мисалы активдүү көмүр 3 таблеткадан 3 мал ичиш керек же Эспумизан 2 капсуладан 3 маал, же "Энтеросгель" 1 - 1,5 аш кашыктан күнүнө 3 жолу) сунуш кылынат.
3. Изилдөөгө чейин 2 - 3 күн «Мезим форте» 3500 ЕД (2 таблеткадан 3 маал) ичүү сунуш кылынат - алар ичегилерди тазалап дарыгерге сапаттуу изилдөө жүргүзгөнгө жардам берет.
4. Изилдөөнүн алдында кечинде тазалоо клизмасын кылуу.
5. Изилдөөнүн алдында аш-казанды жана ичегилерди инструменттик изилдөө сунуш кылынбайт.
6. Изилдөөнүн алдында кечинде саат 19.00. чейин тамактануу. Изилдөө күнү эртең менен тамак, суюктук ичпеш керек, тамеки чегүүгө болбойт.